25.06.2018 12:24

Бала бакчалардагы тамак-аш сапаты текшерилет

Бала бакчалардагы тамак-аш сапаты текшерилет

Өлкө бала бакчаларындагы тамак-аштын сапаты текшерилет. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен билдиришти. Мындай тапшырманы аталган министрлик башчысы Гүлмира Кудайбердиева берген.   

«Мектепке чейинки мекемелердеги тамак-аштын сапатына арызданган жарандардын саны көбөйгөндүктөн шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө комплекстүү текшерүү уюштуруу тапшырылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар кабыл алынат», - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жарандар бала бакчадагы тамак-аштын сапаты тууралуу өз билдирүүлөрүн Билим берүү министрлигинин Фейсбуктагы  баракчасында  калтыра алаарын билдирет.