27.04.2018 14:02

Бала чагынан майыптарга төлөнүүчү жөлөк пулду көбөйтүү долбоору - коомдук талкууда

Бала чагынан майыптарга төлөнүүчү жөлөк пулду көбөйтүү долбоору - коомдук талкууда

1-июлдан баштап, Кыргызстанда бала чагынан бери майып адамдарга төлөнүүчү жөлөк пулдун өлчөмү көбөйүшү мүмкүн. Мындай максатты көздөгөн токтом долбоорун өкмөт коомдук талкууга койду.

Долбоор ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн  жогорулатууну көздөйт. Ага ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана ВИЧ-инфекциясы же СПИД оорусуна чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга берилүүчү жөлөк пулду 3 миңден 4 миңге чейин көтөрүү, I топтогу бала чагынан бери  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жөлөк пулду 3 миңден 4 миңге чейин көтөрүү,  II топтогу бала чагынан майыптарга  2,5 миңден 3,3 миңге чейин, III  топтогу бала чагынан майыптарга 2 миңден 2,7 миң сомго чейин көтөрүү каралууда.

Эскерте кетсек, мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөө үчүн бюджеттен 7 миллиард 950,2 млн сом каралган.

Сунушталган токтом долбоору колдоо тапса, аны ишке ашыруу үчүн өлкө казынасынан 2018-жыл үчүн кошумча 19,7 млн сом талап кылынат.