08.06.2018 09:20
Балдарды 1-класска кабыл алууда акча алууга жана сынак өткөрүүгө тыюу салынат
Билим берүү жана илим министрлиги балдарды 1-класска кабыл алуу суроолору боюнча жарандар үчүн түз байланыш ачты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын буйругуна ылайык, 1-класска кабыл алууда кириш төлөмдөрү катары акча алууга жана башка кириш сынактардын түрлөрүнө тыюу салынат.
Буйрук бузулган учурда төмөнкү номурларга чалса болот
Билим берүү жана илим министрлиги — (312) 66 23 70
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы — (312) 61 00 91, 61 39 72
Ведомствонун маалыматы боюнча, өлкөдөгү мектептерде 1-класска документтерди кабыл алуу 15-июндан 15-августка чейин жүргүзүлөт.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: