01.06.2018 11:00

Балыкчы, Каракол шаарларында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Балыкчы, Каракол шаарларында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Бүгүн, 1 – июнда “Республика – Ата – Журт” фракциясы Ысык – Көл облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Анда Ысык-Көл областындагы туризмди өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук маселелери каралып жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жыйынды фракция лидери Жыргалбек Турускулов ачып, иш чаранын катышуучуларын рамазан айы жана 1 - июнь балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Ошондой эле туризм багытындагы жасалып жаткан иштерге токтолуп, келип жаткан меймандарга ыңгайлуулуктар менен коопсуздукту түзүп берүү биринчи зарылчылык экендигин билдирди.

Таштандыларды тазалоо жагдайына токтолуп, көл өрөөнүндөгү экологиялык абал менен жакындан тааныш экендигин да белгиледи.

Бул темада  баяндама жасаган КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, туристтерди тейлөөчү 176 жай бар.

«Туризмди өнүктүрүүнүн биринчи кадамы экологиянын тазалыгы. Балыкчы, Каракол шаарларында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат. Ага кетүүчү сумма Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. 2020 – жылы ушул курулуштар ишке берилсе, бул дагы жакшы иш болмок. Буга аракет кылып жатабыз», - дейт  облус  жетекчиси.

Фракциянын көчмө жыйынына ЖК депутаттары Ж.Турускулов, М.Сабиров, Т.Тиллаев, А.Жамангулов, А.Исмаилова, А.Дүйшалиев, К.Баймуратов катышууда.