23.10.2018 18:10

Балыкчы шаарында комуздун инсталляциясы орнотулду

Балыкчы шаарында комуздун инсталляциясы орнотулду

Балыкчы шаарынын чок ортосуна улуттук аспап — комуздун инсталляциясы коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты. 

Комуз Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан. Анын узундугу- 4 метр, туурасы - 1 метр, кылынын узундугу - 3 метр 80 сантиметр.

Шаардык Жашылдандыруу чарбасынын кызматкери Кубан Дүйшөмбиев улуттук аспапты кесиптештеринин жардамы менен жасаганын билдирди.

«Мен чебер уста эмесмин, бирок ар дайым жыгачтан кооз нерсе жасоого кызыкчумун. Инсталляцияны жасоо учурунда кадимки комуз үчүн керектелген материалдар колдонулду», — деди Дүйшөмбиев.

Ал ошондой эле келечекте башка буюмдарды да жасоону пландап жатканын кошумчалады.

Ал эми Балыкчы шаардык мэриянын маалымат кызматы улуттук колориттеги инсталляциялар мындан ары да калаа көчөлөрүнө орнотуларын маалымдады.