10.05.2018 17:06

Балыкчыда 69 жаштагы аялды сүзүп качкан айдоочу кармалды

Балыкчыда 69 жаштагы аялды сүзүп качкан айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында автоунаа 69 жаштагы аялды сүзүп, качып кетти. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 8-май күнү  Балыкчы шаарынын Фрунзе көчөсүндө кечки саат 20:40тар чамасында орун алган. Жөө жүргүнчүнү сүзгөн белгисиз унаа окуя болгон жерден качып кеткен. 

Улгайган аял жаракаттары менен Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилди. Жол кырсыгы аталган шаардын ички иштер органдарында катталып, ыкчам-иликтөөлөрдүн жүрүшүндө автоунаанын "БМВ" үлгүсүндө экени аныкталды. 

Окуяга тиешеси бар унаа табылып, анын ээси 32 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран болуп чыкты. Кармалган унаа токтотуучу жайга киргизилип, материалдар Балыкчы шаардык ички иштер органдарынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.