29.05.2018 12:52

Балыкчы-Кочкор жолун калыбына келтирүүнү каржылоо маселеси каралат

Балыкчы-Кочкор жолун калыбына келтирүүнү каржылоо маселеси каралат

Түндүк-Түштүк алтернативдик автомобиль жолунун 3-фазасы болуп эсептелинген Дыйкан-Кызыл Жылдыз жол бөлүгүн реабилитациялоо долбоору Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан насыялык макулдашуулардын негизинде каржыланууда. Бул туурасында Транспорт министрлигинен билдиришти. 

Бул долбоор алкагында, 2018-жылдын 16-январында «Saudi Tech-Spectrum Engineering» консультациялык компаниясы менен келишимге кол коюлуп, консультант иш долбоорун жана тендердик документтерди даярдоо иштерине киришкен.

Азыркы учурда, курулуш иштерин аткаруучу фирманы тандоо боюнча тендердик процедуралар жүргүзүлүүдө.

Долбоордун курулуш иштерин баштоо үчүн жалдануучу фирманын курулуш базасын жана техникаларын мобилизациялоо жумуштары 2018-жылдын октябрь-ноябрь айына пландаштырылууда.

Ошондой эле, Түндүк -Түштүк алтернативдик автомобиль жолунун 3-фазасынын уландысы болуп эсептелинген Эпкин айылынан Башкууганды айылына чейинки автомобиль жолун реабилитациялоо иштеринин долбоору Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланууда.

Бул жол участкасынын жалпы узундугу 70 чакырым. Министрлик тарабынан подряддык жумуштардын сатып алуу тендерине катышкан мекемелердин тендердик сунуштарын баалоо процедуралары 2018-жылдын март айында бүткөрүлүп, баалоочу отчету Азия Өнүктүрүү Банкынын жактыруусуна март  айынын аягында жөнөтүлгөн. Учурда Банктын жактыруусу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, учурда Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан Балыкчы-Кочкор (жалпы узундугу 43 чакырым) жана Кочкор-Эпкин (жалпы узундугу 25 чакырым) жол участкаларын реабилитациялоо иштерин каржылоо маселеси быйылкы 2018-жылдын ортолорунда Азия Өнүктүрүү Банкынын директорлордун Кеңешинде каралмакчы. Азыркы учурда ушул эки участкасынын деталдык долбоорлорун жана тендердик иш-кагаздарын түзүү иштери жүргүзүлүүдө.