11.05.2018 11:03

Балыкчы-Корумду жолунун курулушу качан бүтөт?

Балыкчы-Корумду трассасынын курулуш иштери 1-июнга чейин бүткөрүлүшү керек. Учурда айрым тилкелер асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Бул арада жол оңдоого катышкан жумушчулар арасында алты айлап айлыксыз отургандар бар. Аны буга чейин транспорт жана жол министрилиги “Лонг Хай” компаниясы карыздарын эсептөө иштерин жүргүзүп жаткандыктан куруучулардын айлык акысы берилбей жатканын билдирген.

Балыкчы-Корумду жолу 2016 жылда өткөн экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына чейин бүтөт деп убада кылынган эле. Экинчи Көчмөндөр оюндары өтүп, өкмөт мына ушул жылы үчүнчүсүн өткөрүүгө даярданып жатат, ал эми жол курулуштун аяктаарына дагы көп жумуш жана убакыт бар.