06.04.2018 17:54

Балыкчы-Ташкент каттамы боюнча билеттерге арзандатуу жарыяланды

Балыкчы-Ташкент каттамы боюнча билеттерге арзандатуу жарыяланды

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуучу Ташкент-Рыбачье поездине билеттерди сатып алууда жеңилдиктерди жарыялайт. 

Эгерде жүргүнчү поезд билеттерин купе вагонуна 31 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 45 % жеңилдик берилет.

Ал эми 6 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 35 % га арзан баада сатып алса болот.

Эгерде жүргүнчү билетти плацкарт вагонуна поезд кетүүчү күнгө чейин 31 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, анда 35 % га барабар жеңилдик берилет.
Ал эми 6 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 25 % га арзан баада сатып алса болот.

Мындай жеңилдиктер мамлекеттер аралык каттамдардагы жол жүрүү билеттерин сатып алууда жана жамаат менен жүрүүчү жүргүнчүлөргө билет сатып алууда колдонулбайт.