11.05.2018 18:02

БАРЭК институтун уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

БАРЭК институтун  уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Сооронбай Жээнбеков «2016-жылдын 26-октябрында Исламабад шаарында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыктын катышуучу мамлекеттеринин ортосундагы Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 5-апрелинде кабыл алынган.

Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө Макулдашуу илимий изилдөөлөр жана потенциалды жогорулатуу борборун түзүүгө багытталган, ал Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык Программасынын (мындан ары – БАРЭК Институту) сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

БАРЭК Институтун түзүү БАРЭК регионунда экономикалык өсүштү тездетүү максатына жетүү үчүн натыйжалуу региондук кызматташтуу ыкмаларынын бири. БАРЭК Институтун түзүү региондук экономикалык кызматташтыкка жана прогресске жетишүү жолундагы маанилүү кадамдардын бири.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.