06.08.2018 09:47

Башка паспорт менен Өзбекстанга өтүүнү көздөгөн кыргыз жараны кармалды

Башка паспорт менен Өзбекстанга өтүүнү көздөгөн кыргыз жараны кармалды

«Ак-Кыя-автожол» өткөрүү бекетинде чек арачылар башка паспорт менен чек арадан өтүүгө аракеттенген кыргыз жаранын аныкташты. Бул туурасында чек ара кызматынан билдиришти.

1985-жылкы Г.М., аттуу кыргыз аял Кыргызстандан Өзбекстандын Шахимардан анклавына өтүүгө аракет кылган. Паспорттук көзөмөл учурунда ал чек арачыларга 1989-жылкы М.М., атына берилген паспортту көрсөткөн.

Чек арачылар сүрөт менен аялдын сырткы келбетинен окшошпостуктарды табышып, суракка алуу учурунда тууганынын документин алганын моюнуна алган. 

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.