02.10.2018 16:55

Башкалардын илимий эмгектерин уурдаган кыргыз аткаминерлер

Башкалардын илимий эмгектерин уурдаган кыргыз аткаминерлер

Кыргызстандагы чиновниктердин бири майыптардын шыбагасына кол салса, кээ бири окумуштуулардын илимий эмгектерин кымырып алышкан. Беш жыл ичинде орусиялык «Диссернет» коому миңдеген аткаминерлердин, бийлик өкүлдөрүнүн, укук коргоочулардын жана мугалимдердин илимий иштерин текшерип чыккан. Эми уюм көчүргөндү өздөштүргөн кыргыз окумуштууларынын чекесине чыккан чыйкан болууда.