08.10.2018 11:01

Башкы прокуратура: 1,5 жылда министр Исакунова-9, Каденова -10 жолу чет өлкөгө чыккан

Башкы прокуратура: 1,5 жылда министр Исакунова-9, Каденова -10 жолу чет өлкөгө чыккан

Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин жетекчисинин жана орун басарларынын чет өлкөлөргө чыгууда жана  дипломатиялык паспортторду колдонууда бир катар тартип бузууларга барганы тастыкталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, министр Т. Исакунова 2017-жылдын 6-9 -ноябрь күндөрү эмгек өргүүсүндө болуп туруп, өкмөт башчыга маалымдабай, андан уруксат албай туруп, дипломатиялык паспортун колдонуу менен АКШга барган. Ал жакта симпозиумга катышкан. Андан ары Т. Исакунова Аргентинага учуп, ал жакта 13-15-ноябрь күндөрү өткөн балдардын эмгегин эксплуатациялоо менен күрөшүүгө арналган  дүйнөлүк конференцияга катышкан. Андан тышкары, Т. Исакунова, өкмөт башчынын уруксат бербей койгонуна карабастан, 16-18-ноябрда Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Консультациялык Кеңештин  ХХХ мааракелик отурумуна катышкан.

Министрдин мурунку орун басары З.Каденова дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгында  колдонуу менен 2017-жылдын 24-27-апрелинде Тегеранга барып келген. Кийин эмгек өргүүсүндө экенине карабай, 2018-жылдын 2-22-сентябрында Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн окуу программасына катышууга барган. 

«2017-жылдан 2018-жылдын сентябрына дейре министрликтин жетекчилиги 26 ирет чет өлкөгө командировкага чыгышкан. Министр Т. Исакунова 9 ирет (Улуу Британия, Кытай, Россия-2 жолу,  Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Аравиясы, Литва), орун басары Лунара Мамытова  – 3 (АКШ, Германия, Италия), Ж. Полотова – 4 (Литва – 2 жолу, Венгрия, Тайланд) жана Зууракан Каденова – 10 (Түштүк Корея, Россия – 3 жолу, Казакстан – 2 раза, Польша, Бельгия, Германия, Италия) жолу чет жактарга мамлекеттин эсебинен барышкан», -деп билдирет Башкы прокуратура.

Бул сапарлардын баары мыйзамды бузуу менен ишке ашкан. Тактап айтканда, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чет өлкөгө пландалган иш сапарлар тууралуу маалымат берилген эмес, иш сапардын жыйынтыктары боюнча отчеттор жөнөтүлгөн эмес. 

Ал эми, министр Исакунова менен орун басары Мамытова чет жактагы иш сапардан келгенден кийин диппаспортторун өз убагында өткөрүп бербей, жүрүп алышкан.  

Бул мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратура кыргыз өкмөтүнө сунуштама киргизилди. Анда мындай мыйзам бузууларды жоюу сунушталып, учурда документ кароо стадиясында деп айтылат маалыматта.