22.06.2018 14:42
Башкы прокуратура бир ай бою WhatsApp аркылуу суроолорго жооп берет
© Sputnik
Башкы прокуратура бир ай бою WhatsApp аркылуу элдин суроосуна жооп берет. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, башкы прокуратурада 25-июндан 25-июлга чейин «Укуктук колдоо» аттуу тынымсыз байланыш ишке кирет. Келип түшкөн суроолор Башкы прокуратуранын борбордук аппараты менен аймактагы органдарынын кызматкерлерине берилет.
«Укуктук колдоо» жарандардын суроолоруна ыкчам түрдө жооп берүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.
Жарандар өз суроолорун +996 550 75 39 77 номери аркылуу WhatsApp менен жибере алышат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: