12.06.2018 17:45

Башкы прокуратура камактагы депутат Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты

Башкы прокуратура камактагы депутат Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты

Башкы прокуратура экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуудан баш тартты. Бул туурасында 24.kg  агенттиги Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакуновага шилтеме берип билдирди.

Жактоочунун айтымында,  камакка алынган "Ата Мекен" партиясынын лидери Башкы прокуратуранын бул чечимин негизсиз деп эсептеп, сотко арызданууну  максат кылууда. 

«Башкы көзөмөл орган ишти кайра карап чыгууга эч кандай себеп тапкан жокпуз деп койду», — деп билдирет Таалайгүл Токтакунова.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча арызды кароо тууралуу тапшырма берилгенин жана мыйзамдын негизинде караларын билдирген болчу. 

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык, анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага 22-майда кайрылышкан. Алар Өмүрбек Текебаевди "Мегаком" чырына байланыштуу айыпка жыгып, "миллион доллар пара алган" деп көрсөтмө берген чет өлкөлүк жарандар Модин менен Маевскийдин көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тастыктаган документтер бар экенин билдиришүүдө.

21-майда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракцияларынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу зарыл экенин айтып чыгышкан.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.