13.07.2018 18:26

Башкы прокуратура Конгантиевдин иши боюнча президенттин тапшырмасын аткарууга киришти

Башкы прокуратура Конгантиевдин иши боюнча президенттин тапшырмасын аткарууга киришти

Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин УКМК тарабынан токтотулган кылмыш ишин иликтеп көрүп, укуктук баа берет. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Башкы прокуратурасына Конгантиевдин кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүсү керектигин айткан болчу.

"Учурда кылмыш ишинин мыйзамдуулугу жана  кабыл алынган чечим канчалык негиздүү экени иликтенип жатат. Жыйынтыгында укуктук баа берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мурдагы ички иштер министрине 2010-жылкы ыңкылаптан кийин КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 316-беренелери (Шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми июль айынын башында УКМК "Конгантиев 2010-жылы кандуу апрель окуяларына күнөөлүү эмес" деген негизде анын кылмыш ишин кыскарткан.