25.09.2018 16:02

Башкы прокуратура Социалдык өнүктүрүү министрлигинде мыйзам бузууларды аныктады

Башкы прокуратура Социалдык өнүктүрүү министрлигинде мыйзам бузууларды аныктады

Башкы прокуратура Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинде бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Тактап айтканда, КРнын «Сырткы миграция тууралуу» мыйзамы, дипломатиялык жана кызматтык паспорт тууралуу жобо бузулган.

12-сентябрда министрликтин учурдагы жана кызматтан бошотулган кызматкерлерине дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, колдонуу жана кайра кайтаруу ишин талапка ылайык эмес уюштурганы үчүн Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин адамдык ресурстарды башкаруу бөлүмүнүн жетекчисине карата административдик мыйзам бузуулар боюнча иш козголуп, материалдар Бишкек шаарынын Биринчи май райсотуна жиберилди. 

Андан сырткары, текшерүүнүн жүрүшүндө министрликтин жетекчилиги тарабынан дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыктар үчүн колдонгон фактылар аныкталган.

Учурда бул багытта текшерүү уланып, анын жыйынтыгында министрликтин кызматтык адамдарынын иш-аракетине карата юридикалык баа берилет.