02.07.2018 17:38

Башкы прокуратура Жогорку Соттун 3 судьясына карата кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Жогорку Соттун 3 судьясына карата кылмыш ишин козгоду

Жогорку Соттун 3 судьясына, аппаратынын кызматтык адамдарына жана №1 Тергөө изоляторунун жогорку кызматтагыларына карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. 

Башкы прокуратура козголгон кылмыш иштер  КР Кылмыш-жаза кодексинин 304, 305, 316 жана 324-беренеси боюнча экенин маалымдайт. 

О.Т. аттуу адамдын үстүнөн козголгон кылмыш ишинин алкагында ага өлкөдөн чыкпоо баш коргоо чарасы аныкталганы такталды. 

2017-жылдын 25-августунда райсот кылмыш ишин кароого келбей койгону үчүн О.Т.ны бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бул токтомду 2-инстанция дагы күчүндө калтырган.

Соттордун бул чечимине арызданып, О.Т. Жогорку Сотко кайрылган. Бирок, 2018-жылдын 29-мартында дагы бир айга, 2018-жылдын 29-апрелине чейин камакка алынган. 

6-апрелде О.Т.нын көзөмөл даттануусу кылмыш иши менен бирге Жогорку Сотко келип түшкөн. Ал жерде кылмыш-жазыктык мыйзамда каралган тартип боюнча 15 күндүн ичинде каралып чыккан эмес. 

Өз кезегинде  №1 Тергөө изоляторунун кызматтык адамдары аны мыйзамсыз түрдө дагы 12 күн - 29-апрелден 11-майга чейин камакта кармаган.

Жогорку Сот көзөмөл даттанууну  О.Т. бошоп чыккандан кийин 14-майда гана караган. 

Мындан улам, жогоруда аталган кызматтык адамдардын мыйзамга туура келбеген иштеринен улам О.Т.нын Баш мыйзамда каралган эркиндикке болгон укуктары бузулган. Учурда Башкы прокуратура УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүнө көзөмөл кылууда.