29.10.2018 17:09

Башкы штаб аскер кызматкерине басым болгонун төгүндөгөн билдирүү таратты

Башкы штаб аскер кызматкерине басым болгонун төгүндөгөн билдирүү таратты

Ошто улук лейтенант командиринин коркутуп-үркүтүүлөрүнөн улам өз жанын кыюуга аракет жасаганы чындыкка жатпайт. Улук лейтенант Ы.А. майор Шакеновдун ишиндеги кызматтык укуктан аша чабуулары жөнүндө түшүнүк катты өз эрки менен жазып берген, деп билдирет КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын октябрь айынын башында Генералдык штабга №36806 аскер бөлүгүнүн базасында өткөрүлүп жаткан мобилизациялык резерв жыйыны учурда, ал жыйынга катышкандардан аталган бөлүктүн  командиринин орун басары майор Шакенов Мунарбек кандайдыр бир көрсөткөн кызматтары үчүн акча алып жаткандыгы  белгилүү болгон. 

Бул факты боюнча 8 МАД командирине кызматтык териштирүү иштерин жүргүзүүсү тууралуу буйрук берилип, ал териштирүү иш-чараларынын натыйжасында улук лейтенант Ы.А. эч кандай басым жасалбастан өз эрки менен түшүнүк кат жазып берген. Ал түшүнүк катында жогоруда айтылган фактылар орун алып жаткандыгын көрсөткөн. Бул шарттын негизинде мобилизациялык резервдик жыйынды өткөндөр өлкөнүн ар тарабынын тургундары болгонуна байланыштуу, алардан түшүнүк кат топтоо максатында кызматтык териштирүү иштеринин убактысын узартуу чечими кабыл алынган.

Жакынкы арада бул окуя боюнча иш козгоо менен бирге окуянын чын-төгүнүн жана бул окуяга жогорку аскердик башкармалыктын тиешеси бар-жок экенин аныктап билүү максатында кызматтык териштирүү иштеринин баардык материалдары аскердик прокуратура органдарына жиберилет. 

«Териштирүү иштеринин кызыкчылыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы бул окуя тууралуу кенен маалыматты териштирүү иштери жыйынтыкталып бүткөндөн кийин бере алат. Ошону менен бирге, бул окуя тууралуу маалыматтын жалпы каражат маалыматтарында жарыяланышы - бул майор М.Шакеновду жоопкерчиликтен алыстатуу максатында өлкөбүздүн укук коргоо органдарына жасалган басым деп эсептейбиз», -дешет Башкы штабдан.