03.07.2018 12:41

Баткен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Баткен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Баткен районунда каналдар жана үлүш жерлери сел калдыктарынан тазаланып, сел тосмо калыбына келтирилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

2-июль күнү Баткен облусунун Баткен районунда селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларына айыл аймактан 3 жүктөгүч, 1 экскаватор, жеке менчик 1 бульдозер, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, Төрткүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында 8 ноо калыбына келтирилди жана 35 га үлүш жерлери тазаланып, толугу менен аяктады.

Ак-Өтөк айылында 50 метр канал тазаланып,жээги бекемделип, сел тосмо калыбына келтирилип, жумуш аяктады. 
Учурда район боюнча 10 кобул, 350 метр сел кетүүчү сайды тазалоо, 300 метр таза суу (пластик) түтүгүн калыбына келтирүү жумуштары калды. Селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн, 3-июлда  улантылууда. 

Эске сала кетсек, Баткен облусунун Баткен районунда 2018-жылдын 15-23-июнь күндөрү катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен шаары жана Ак-Сай, Самаркандек, Кара-Бак, Төрткүл, Дара, Актатыр айыл аймактарында сел жүрүп, жалпы район боюнча 45 турак үйдүн ичине, 142 турак үйдүн жер тилкелерине, 92 чарбалык курулуштарына жана 1 дүкөнгө сел суулары кирип, 7,86 чакырым ички чарбалык жолду, 8,75 чакырым арыктарын сел суулары каптаган.

Андан сырткары 207 га үлүш жана эгин талааларды суу каптап, 12 даана электр мамычасын агызып, 4 көпүрөнү, 1,6 чакырым ички канал, 2830 метр сел өтүүчү сайлардын жээктери, 50 лоток, 38 метр темир түтүк, 3 сел тосмосу, 500 метр таза суу (пластик) түтүгү жараксыз абалга келген. Ошондон бери кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.