04.06.2018 11:31

Баткенде 20 жылдыкка чогулгандар майып адамга автоунаа белек кылышты

Баткенде 20 жылдыкка чогулгандар майып адамга автоунаа белек кылышты

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында №22 мектепти 20 жыл мурун бүтүргөн айыл тургундары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга автоунаа белек кылышты. Бул туурасында муфтияттан билдиришти.

Адатта, 10, 20 жылдык тозгондор арасында өздөрү акча чыгарып, 25-май «Акыркы коңгуроо» күнү мурда окуткан агай-эжейлерине белектерди берип, кечкисин  кафе-ресторандарда көңүл ачуу салтка айланып бараткан.  Бул ирет айыл имамы Айбек Кузибековдун демилгесин Кара-Жыгач айылынын  №22 “Дыйкан” орто мектебин 20 жыл мурда бүтүргөн бүтүрүүчүлөр колдоого алышып, айылдагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Жусуп Адамовго баасы 100 миң сомду түзгөн “Матиз” авто унаасын белекке беришти.  

Айыл имамынын айтымында, аталган кайрымдуулуктан сырткары  20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген 5 үй- бүлөгө баасы 5 миң сомду түзгөн күнүмдүк азык-түлүктөрдү таратышкан.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген Жусуп Адамов буга чейин велосипедке таянып басып жүргөн. Ал эми ыйык Рамазан айында 20 жылдыктардын демилгеси ага чоң кубаныч тартуулады”-дейт Айбек Кузибеков.