18.10.2018 10:05
Баткенде эки кичи автобустун кагышуусунан 22 адам жаракат алды, 1 киши каза тапты

© Turmush
Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында эки кичи автобус кагышып, 1 адам каза таап, 22 адам жаракат алды, деп билдирет turmush.kg
Агенттиктин маалыматына караганда, кырсык жүргүнчүлөрдү ташыган «Мерседец-Бенц Спринтер» менен жүк ташыган ушул эле үлгүдөгү кичи автобустардын катышуусунда болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, рулга кысылып калган адамдын (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышкан.
Баткен облустук ооруканасына 22 адам жаткырылган. Алардын бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми эки адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: