19.11.2018 11:13

Баткенде киши колдуу болгон прокурордун үй-бүлөсүнө акчалай көмөк көрсөтүлөт

Баткенде киши колдуу болгон прокурордун үй-бүлөсүнө акчалай көмөк көрсөтүлөт

Баткенде киши колдуу болгон прокурордун үй-бүлөсүнө акчалай көмөк көрсөтүлөт. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кесиптештери маркумдун үй-бүлөсүнө 800 миң сомго жакын акча чогулуп беришет.

Эскерте кетсек, облус прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү Баткенде киши колдуу болуп каза тапкан. Анын сөөгүн шаардын сыртынан табышкан. Ал башына катуу нерсе менен сокку жегендиктен каза тапкан.

Бул факт боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши ачылып, кылмышка шектүү делип Баткен мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалган. Ал учурда көрсөтмө берүүдө. 

Маркумдун артында аялы менен 4 баласы калды. Өлкө боюнча прокуратура органдарында 800дө ашык адам эмгектенсе, алардын ар бири Мамажакыповдун үй-бүлөсүнө жардам катары акча чыгарып беришет. 

Бүгүн облус прокурорунун сөөгү жерге берилет.