15.10.2018 12:49

Баткенде кутурган ит талаган бала жандандыруу бөлүмүнөн которулду

Баткенде кутурган ит талаган бала жандандыруу бөлүмүнөн которулду

Баткен облусуна караштуу Ак-Турпан айылында кутурган ит талаган 8 жаштагы баланын абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн сыныктар бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кутурган иттер баланын башын, денесин талаган. Ооруканага ор абалда түшкөн балага дароо операция жасалган. Ошондой эле, эмдөөдөн өткөрүлгөн.

Баланын атасынын айтымында, окуя 12-октябрда уулу талаада иштеп жаткан атасына тамак алып баратканда болгон.

Учурда Баткен облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору балага кол салган иттерди издөөдө.