17.09.2018 10:23
Баткенде унаасы менен сууга түшүп кеткен жаран каза тапты
Баткенде 63 жаштагы жаран унаасы менен сууга түшүп кетип каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, «Фольксваген Гольф-2» үлгүсүндөгү унаанын А.У. аттуу айдоочусу 16-сентябрь күнү саат 11:13тө Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде унааны башкара албай калып сайга түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу окуя катталган жерде каза болгон. Министрликтин Баткен районундагы №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары кырсык болгон жерге чакырылып, унааны суудан чыгарууга жардам беришкен.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: