13.11.2018 11:54

Баткендеги ок жеген депутаттын абалы оор бойдон калууда

Баткендеги ок жеген депутаттын абалы оор бойдон калууда

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин спикери Кубаныч Баяновдун абалы оор бойдон калууда.  Аны 6-ноябрга караган түнү белгисиз адам  үйүнүн жанынан атып кеткен.

Маалыматка караганда, жабырлануучу дагы деле Тажикстан республикасынын ооруканасында дарыланууда. Октон ички органдары жабыркаган Баяновго эч кимди киргизбей жатышат. 

Бул факт боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутатына ок атуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Азырынча кылмышкердин ким экени жана жабырлануучуга кол салуусуна эмне себеп болгону белгисиз.