27.06.2018 12:44

Базар-Коргондо күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылгандар толук дарылануудан өтүп жатышат

Базар-Коргондо күйдүргүгө  шектелип ооруканага жаткырылгандар толук дарылануудан өтүп жатышат

Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылында 11 адам сибир жарасына (күйдүргү) шектелип, ооруканага жаткырылды. Алардын бешөө -аялдар, алтоо- эркектер. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-июнда аталган районго караштуу бир айылдын тургуну медициналык жардам сурап кайрылган. Аны күйдүргү жугузуп алууга шектеп, жергиликтүү оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырышкан. 

«Азыр адистер үймө-үй текшерип жатышат. Ар жолкусунда амбулатордук түрдө дарыгердин байкоосунда болчу адамдарды таап жатабыз. Оору жуктуруп алууга шектелгендердин баары чоң адамдар. Алар этти бөлүштүрүп, тамак  даярдаганга катышкан. Араларында жаш балдар жок», -деп билдиришти министрликтен.

Ооруканага жаткырылгандар толук бир курс дарылануудан өткөн соң гана үйлөрүнө кое берилет. Азырынча, лабораториялык анализдердин так жыйынтыгы чыга элек.