06.09.2018 13:20

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси Адамкул Жунусов издөөгө алынды

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси Адамкул Жунусов издөөгө алынды

Мамлекеттик бажы кызматын 2013-жылдан 2016-жылга чейин жетектеп турган Адамкул Жунусов издөөгө алынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамкызматынан билдиришти.

Мурунку аткаминер 304-берененин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында изделүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, Жунусов  «А.» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана Мамлекеттик бажы кызматынан кызматтык адамдары менен туруктуу коррупциялык байланыштарды уюштурган деп айыпталууда. 

Ал өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, «А.» жоопкерчилиги чектелген коомуна бажы артыкчылыктарын берип турган. Анын натыйжасында 166 миллион сомдон ашуун каражат милдеттүү бажы төлөмдөрү катары бюджетке түшпөй калган.

Жунусов жасаган иш өтө оор кылмыштардын катарына кирери жана учурда ал тергөөдөн качып жүргөнү айтылат. 18-августта мурунку бажычыга сырттан айып тагылып, 28-августта Бишкектин Биринчи май райсоту аны камакка алуу тууралуу сырттан өкүм чыгарган .