16.04.2018 10:10

Кармалган баңгизат каналынын уюштуруучусу кан тамырын кесип жиберип, каза тапты

Кармалган баңгизат каналынын уюштуруучусу  кан тамырын кесип жиберип, каза тапты

13-апрелде МУКК баңгизаттарын ташуунун эл аралык каналын айкындоо жана токтотуу максатында өткөргөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Ош облусунда 1971-жылкы  А.С. аттуу кыргыз жаранын кармады. 

Колго түшүрүү учурунда А.С. бычак менен  моюнундагы күрөө тамырын кесип жиберүүгө аракет кылган. МУКК кызматкерлери  буга тоскоол болууга үлгүрүшкөн.

Жерине тез жардам кызматы чакырылып, жардам көрсөтүлгөн. Кармалган А.С. мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары  ИИМде каттоодо турганы аныкталды, ошондой эле ал КР аймагы аркылуу  КМШ мамлекеттерине баңгизаттардын оор түрүн  ташуу үчүн  туруктуу канал уюштурган.

Автоунааны тинтүү учурунда 2 кг 70г баңгизаты табылган. Аталган факт боюнча 247-берене менен кылмыш иши козголуп, кармалган адам МУККтун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

14-апрелде кармалган жаран күндүзгү саат 11лер чамасында тиши менен сол колунун кан тамырын тиштеп ачкан.  Чакырылган тез жардам кызматы биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан соң, Ош облустук ооруканасына жеткирген. Ал жактан А.С. кан басымы кескин түшүп кетип, реанимацияга жаткырылган.  Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес. 

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул окуя боюнча прокуратура органдары иликтөө иштерин жүргүзүүдө.