26.04.2018 09:00

Баңгизатын мыйзамсыз ташууга шектелген жаран издөөдө. ИИМ жардам сурайт

Баңгизатын мыйзамсыз ташууга шектелген жаран издөөдө. ИИМ жардам сурайт

Талас облусунун 41 жаштагы тургуну баңгизатын мыйзамсыз ташууга шектелип, изделүүдө. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган облустун Кара-Буура районунун 1977-жылкы тургуну Калыс Бекбоев Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмышка шектелүүдө. 

ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгы жарандарга кайрылып, издөөдө жүргөн киши тууралуу кандайдыр-бир маалымат билгендер болсо Темир жол транспортундагы ички иштер органдарына маалымат берип коюуну суранышат: 

Дареги: Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 63. тел: 312 35-12-70, 0700 82-05-05, 0555 82-05-05.