02.08.2019 18:44

Бекболот Талгарбеков: 80 пайыз күч органдарынын кызматкерлери Атамбаевди колдошот 

Бекболот Талгарбеков: 80 пайыз күч органдарынын кызматкерлери Атамбаевди колдошот 

80 пайыз күч түзүмдөрүнүн курамы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тымызын колдошот. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына «Элдик парламенттин» өкүлү Бекболот Талгарбеков бөлүштү.

«Атамбаев президент болуп турганда, бардык өзүнүн ресурстарын күч блокторуна жана сот системасына багыттап, айлыктарын көтөрүү менен квартираларды берди. Алар аны эстен чыгарышпайт, ошондуктан, ага колдоо көрсөтүшөт», -деп билдирген ал. 

Талгарбеков Молдовановка айылындагы колонияга барып келгенден кийин, ушундай жыйынтыкка келген. ЖАМК кызматкери кесиптештеринин арасында мурдагы президент чоң атакка ээ экендигине ишендирген. 

«Мен кызыгып калдым жана эмне үчүн алар Атамбаевди колдошот деп сурадым, анда алар, Атамбаев айлык акыны көтөргөндө, Жээнбеков 500 сомго кайра түшүрүп койду деп жооп беришти», - деп түшүндүрдү «Элдик парламенттин» мүчөсү. 

Бекболот Талгарбеков күч органдарынын өкүлдөрү  «бийликтин чечимдерине саботаж жасоо менен» Атамбаев жана Жээнбеков саясий жарышында биринчиси утуп чыгат деп баса белгилейт. 

Саясат таануучу Марат Казакпаев мындай пикир менен макул эмес. Эксперт эч кандай саботаж болушу мүмкүн эмес, себеби, күч органдары толугу менен Сооронбай Жээнбековго баш ийет деп ишенет. 

«Чындыгында эле, Атамбаев башкарып турган маалда квартира берилип, айлык акылар көтөрүлгөн. Бирок, бардык күч органдары президент Жээнбековго баш ийишет. Алар буйрук менен жашашат жана эч кандай саботаж болушу мүмкүн эмес», - деп белгилеген ал Vesti.kg сайтына.  

Эскерте кетсек, Бекболот Талгарбеков 2016-жылы 12-майда бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Сот аны 14 жылга эркинен ажыраткан. 2019-жылы мартта Аламүдүн райондук соту аны мөөнөтүнөн мурда бошоткон.