22.03.2018 13:26

Бельгияда жаш үй-бүлөлөр ипотекадан качып, боз үй сатып алышууда

Бельгияда жаш үй-бүлөлөр ипотекадан качып,  боз үй сатып алышууда

Бельгиялык Стефан Климовски өз мекенинде боз үй жасап чыгаруучу Be Yurt фирмасын ачты.  Фирма бат эле таанымал болуп, буйрутмалар көп түшкөндүктөн ишкер жумушчулардын санын көбөйтүүгө аргасыз болгон. 
 

Стефан Климовски Борбордук Азияда эч качан болгон эмес. Боз үйдү биринчи жолу Интернеттен көргөн. Көчмөндөрдүн турак-жайы ишкерге  кызыкчылык жараткан. Климовски досу менен бирге анын чиймесин даярдап, кийинчерээк  боз үйдүн өзүн курашкан. Биринчи эле боз үй ийгиликтүү жасалып,  кыска убакытта сатылып кеткен.  

Азыр фирманын ачылганына бир жарым жыл болду. Бельгиялыктар боз үйдү өз жеринин аба ырайына жана европалык кардардын табитине жараша өзгөртүп, чыгарышууда. Айтымдарында, алардын боз үйлөрүндө жыл бою, жаман аба ырайы учурунда да жашай берүүгө болот.

Бельгиялык боз үй бир нече катмардан турат. Тышкы катмары толугу менен суу өткөрбөйт.  Түндүгү эки кабат айнек пластиктен жасалган. Ичинде бир нече бөлмө, жуунучу жай, ажааткана, электр жарыгы жана канализация бар. Жылуулук менен  органикалык отун жагылган коопсуз меш камсыз кылат.

Европалыктарга боз үйдүн экологиялык тазалыгы,каалаган жерге коюп алууга ыңгайлуулугу жана чакандыгы жаккан. Дагы  бир маанилүү жагдай, боз үйдүн баасы 15 миң евродон 30 миң еврого чейин. Бул - европалыктар үчүн арзан баа деп эсептелинет. Андыктан, өзгөчө жаш үй-бүлөлөрдүн арасында кызыккандар көп болууда.

"Биздин убакта жаш үй-бүлөлөргө үй сатып алуу абдан оор. Айла жок, 30 же 40 жылдап ипотека төлөшөт. Же болбосо, укмуштай жаман абалга келип калган үйлөрдү сатып алышат. Аларды калыбына келтирүү үчүн 5 же 10 жыл убакыт керектелет. Бул жылдар аралыгында бир жерде жашап туруу керек да. Андыктан. жаш түгөйлөр боз үй сатып алып жатышат”, -дейт Климовски.
 

Анын айтымында, диаметри 8 метрлик боз үйдү жасоого 1-1,5 ай кетет, ал эми аны орнотуу 1 жумалык убакытты алат.