20.02.2019 13:04

Бельгиядан Ысык-Көлгө эс алууга келген турист аял кар көчкүнүн алдында калып каза тапты

Бельгиядан Ысык-Көлгө эс алууга келген турист аял кар көчкүнүн алдында калып каза тапты

Бельгиядан Ысык-Көлгө эс алууга келген турист аял кар көчкүнүн алдында калып каза тапты. Бул тууралуу облустук милицияга таянып, Turmush.kg жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 13-февраль күнү Каракол шаарына Бельгиянын 2 жараны — 1981-жылы туулган Дриз Эмил Кукенс  жана анын 1985-жылы туулган карындашы Кларт Март Кукенс эс алуу үчүн келишкен. Аларды А.Азамат аттуу тургун тосуп алып, Ак-Суу районунун Боз-Учук капчыгайындагы тоого боз үй тигип  берген. Алар өрөөндө лыжа тээп эс алып жүрүшкөн.

19-февралда саат 10:00 чамасында Бельгиянын жарандары тамактанып алып, лыжа тебүүгө кетишкен. Аларды Каракол шаарынын З.Достан аттуу тургуну гид катары коштоп жүргөн. Тоодон З.Достан лыжа тээп биринчи түшкөн, алдын ала макулдашуу боюнча анын изи менен Март түшүшү керек болчу. Бирок ал багытын өзгөртүп, башка жол менен түшүп кеткен. Ошол учурда кар көчкү түшүп, аны басып калган.

Дриз Эмил электрондук «Бипер» каражаты менен карындашы калың кардын астында жаткан жерди таап, З.Достан экөөлөп казып, 3 сааттан кийин чыгарышкан. Карындашы каза болуп калганын билген соң, ал З.Достанды боз үйдө калган А.Азаматты жардамга чакырып келүүгө жиберген. Бир сааттан кийин жардамчылар келип, анын денесин айылга алып түшүшкөн. Түнкү саат 01:30 чамасында каза болгон жарандын денесин облустук ооруканага алып келишкен. Андан кийин соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн.