12.06.2018 17:11

Бензин кымбаттап, айдоочулар нааразы

Күйүүчү майдын кымбатташы кээ бир айдоочуларды ордунан козгоду. Социалдык тармактарда күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнө каршы акция жүрүп жатат. Интернет айдыңында тараган маалыматка ылайык, эгерде бардык айдоочулар 8-июндан тартып, Кыргызстандагы майбекеттердин биринин кызматынан таптакыр баш тартышса, алар бааларын төмөндөтүүгө аргасыз болушат. Алардын айтымында, мындай жол менен өз убагында Канада мамлекетиндеги бааларды түшүрүгө мүмкүн болгон.