10.05.2018 18:05

"Берекет" базарынын директору менен кызматкери үй камагына чыгарылды

"Берекет" базарынын директору менен кызматкери үй камагына чыгарылды

«Берекет» базарынын директору Рафкат Момункулов менен аталган базардын өрт коопсуздугу үчүн жооптуу кызматкери Рашид Сапаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык сотунун коллегиясы кабыл алган.  

«Алар биринчи инстанциядагы соттун чечимине нааразы болуп, кайра кайрылышкан. Экинчи инстанцияда сот аларды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл  алды», – деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, 13-апрелде аталган базар күйүп кеткен. Мындан улам, "Берекет" базарынын директору менен өрт коопсуздугу үчүн жооптуу кызматкери эки айга камакка алынган болчу.