09.08.2018 11:40
Беш күн мурун Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда
Беш күн мурун Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 2018-жылдын 9-август күнү саат 08:00дө Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу жана КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган. Издөө иштери улантылууда.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 2018-жылдын 4-август күнү саат 15:30 чамасында Нарын суусуна 1988-жылы туулган Б.З. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүрүп жатканына карабай, денеси табыла элек.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: