06.09.2018 13:58

Билим берүү министрлиги 5-6-класстар алган эски китептер жаңысына алмаштырылаарын убадалайт

Билим берүү министрлиги 5-6-класстар алган эски китептер жаңысына алмаштырылаарын убадалайт

Мектептерге 5-6-класстын окуучулары үчүн чыгарылган жаңы окуу китептери түшө баштады. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Окуучулардын жалпы керектөөсү 3 млн. нусканы түзгөн. Учурда жаңы окуу китептерин мектептерге жеткирүү иштери жүрүүдө. Министрлик жаңы китептер өлкө аймактарындагы мектептерге жетер менен, окуучулар алган эски китептер алмаштырылаарын тактады. 

«Ошол эле учурда, 7-9-класстар үчүн бардык сабактар боюнча жаңы окуу китептерин сыноо жүрүп жатат. Алар Азия өнүктүрүү банкынын каржылык көмөгү менен иштелип чыккан. Окуу китептери жаңы билим берүү талаптарына ылайык келет. Бардык окуу китептери жергиликтүү авторлор тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз билим берүү академиясы жана көз карандысыз серепчилер тарабынан жактырылган», -дешет министрликтен.

Андан сырткары, www. lib. kg дарегинен ар кайсы предмет боюнча 752 окуу китебин жүктөп алса болот. Ушул жылдан тартып, мугалимдер мектеп окуучулары жана ата-энелер iBilim жана Билим Булагы билим берүүчү мультимедиялык ресурстардагы кошумча окуу материалдары менен колдоно алышат.