13.08.2018 15:05

Билим күнү коомдук транспорт окуучуларды акысыз ташыйт

Билим күнү коомдук транспорт окуучуларды акысыз ташыйт

Билим күнү коомдук транспорт окуучулары акысыз ташыйт. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

ЖКККББ жүргүнчү ташуучу фирма жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда жолдогу коопсуздук жана балдардын жолдо унаалардан жаракат алып жаткандыктары тууралуу сөз болду. Ошондой эле, фирмалар менен 1-сентябрь күнү 1-11-класттын окуучуларын бекер ташуу тууралуу макулдашууга жетишилди.