26.09.2018 14:19

Билим министрлиги Ноокат районундагы «Агарт» башталгыч мектеби былтыр жабылганын билдирди

Билим министрлиги Ноокат районундагы «Агарт» башталгыч мектеби былтыр жабылганын билдирди

Ош облусунун Ноокат районундагы «Агарт» башталгыч мектеби былтыркы окуу жылында жабылган. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Алардын маалыматында, мектепте балдардын саны аз болгондуктан жабылып, айылдагы 1-класска бара турган жалгыз бала, жакын жайгашкан билим берүү мекемесине окууга киргизилген. Учурда Ноокат райондук билим берүү бөлүмү мектептин жалгыз мугалимин иш менен камсыз кылуу боюнча алектенип жатат.

«Бул мектепте негизинен эле баланын саны аз болгон. Өткөн жылдары мектепте 1-4 класстарда жалпысынан 12ден ашпаган бала окуган», — дейт министрлик.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «Агарт» башталгыч мектеби тартылган тасма жарыяланган. Анда мектеп мугалими 14 бала билим аларын айтат. Үйдүн кире беришинде мектептин аты жазылган тактайча дагы турат.