31.05.2018 12:24

Билим министрлигинде китептерди ижарага берүүчү өзүнчө мекеме түзүлөт

Билим министрлигинде китептерди ижарага берүүчү өзүнчө мекеме түзүлөт

Өкмөт мектепте 5-11-класстар үчүн окуу китептерин ижарага берүү механизмин баскычтуу киргизүү маселесин кароодо. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Өкмөт Билим берүү жана илим министрлигине «Жаӊы китеп» мекемесин түзүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды. «Жаӊы китеп» мекемесинин негизги максаты жалпы билим берүү мекемелерин окуу китептери менен камсыздоо болуп саналат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө мектеп китепканаларындагы окуу  китептеринин 60 пайыздан ашууну моралдык жактан эскилиги жеткен. Натыйжада, окуу процессинде заманбап окуу програмаларынын талаптарына жана санитардык-гигиеналык ченемдерге жооп бербеген басылмалар пайдаланылууда.

Окуучулардын ата-энелери ар бир китепти 250 дөн 500 сомго чейинки баада сатып берүүгө муктаж болууда. Алардын арасында окуу китептерин сатып алууга мүмкүндүгү жок ата-энелер да бар.

«Жаңы китеп» мекемеси окуу китептерин ижарага берүү механизмин баскычтуу киргизүү аркылуу окуу китептердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө багытталган, бул окуучулардын ата-энелери үчүн финансылык жактан алгылыктуу саналат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, аяр катмардагы окуучулар төлөмдөн бошотулат, ал эми 3-4 балалуу үй-бүлөнүн балдары ижара акысынын 50% төлөшөт.

Белгилей кетсек, ижара акысы 5-11 класстардын окуучулары үчүн жаңы предметтик билим берүү стандарттары боюнча басылып чыккан жаңы окуу китептери үчүн гана алынат.

Ижарага берилчү окуу китептеринин тизмеси жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет.