03.07.2018 12:35

Бир апта мурун Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 38 жаштагы жарандын сөөгүн издөө улантылууда

Бир апта мурун Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 38 жаштагы жарандын сөөгүн издөө улантылууда

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 38 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

25-июнь күнү Бишкектин Турусбеков көчөсүнөн Чоң Чүй каналына 1980-жылкы П.А. аттуу жаран чөгүп кеткен. 2-июль күнү саат 10:43дө аны издөөгө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары, №1, №23 өрт-куткаруу кызматынын куткаруучулары жана ӨКМдин Суучулдар борборунун куткаруучулары чыгышкан. 

2-июль күнү куткаруучулар издөө иштерин улантышып, Турусбеков көчөсүнөн Чоң Чүй каналын жээктеп Сокулуктун борборундагы Чоң Чүй каналына чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Саат 16:30да издөө иштерин убактылуу токтотушкан, натыйжа болгон эмес. Издөө иштерине жалпы 20 куткаруучу тартылган.

Бүгүн издөө иштерин улантууга саат 09:15те Сокулук райондук №23 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана саат 10:00дө Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 10 куткаруучу тартылды.