11.04.2018 09:00

Бир нече аткаминер өкмөт башчыдан катуу сөгүш алды

Бир нече аткаминер өкмөт башчыдан катуу сөгүш алды

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн буйругу менен түзүлгөн Бишкек шаардык ЖЭБде штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болуу себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде, тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызматтык жактарга катуу сөгүш жарыяланды.  Бул туурасында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмүнөн кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков кол койгон.

Буйрукка ылайык, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Рыскулов Уланбек Дуулатовичке, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Оморов Азамат Каныбековичке, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Жусуев Болот Амановичке  катуу сөгүш жарыяланды.