Бир жума мурун Бишкектеги эт комбинатында чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы эт комбинатынын имаратынан чыккан өрттү толук өчүрүү иштери 15-август күнү саат 01:20да аяктады. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
2018-жылдын 9-август күнү саат 04:53тө Бишкек шаарынын Ленин районунун Москва көчөсү №266 дарегинде иштетилбей бош турган мурунку эт комбинатынын имаратынан өрт чыккан. Өрт ошол эле күнү саат 11:23тө чектөөгө алынган. Жабыркагандар болгон эмес.
Өрттү толук өчүрүүгө 14-август күнү ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Имаратты курууда кирпичтердин ортосуна пенопласт коюлуп урулган жагдай ишти татаалдатып, өрт 15-август күнү саат 01:20да гана толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен имараттын 5000 чарчы метр аянты күйгөн.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: