Бир жума мурун каналга агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды
Быстроток каналына агып кеткен жарандын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 2018-жылдын 22-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына агып кеткен 24 жаштагы жаранды издөөгө иштерин улантуу максатында жалпы 20 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 15:30да Чоң Чүй каналынан эркек адамдын жансыз денеси табылып, ал изделип жаткан жаран экендиги аныкталды.
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 15-август күнү саат 10:40 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына 1994-жылы туулган Ш. уулу К. аттуу жаран түшүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлгөн.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: