Бир жумадан бери изделип жаткан Мишанын жансыз денеси Новопавловкадан табылды

Чоң Чүй каналына түшүп кетип, дайынсыз жоголгон 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске сала кетсек, 13-июль күнү Ленская көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2012-ж.т. Миша аттуу жаш бала белгисиз себептерден улам чөгүп кеткен. Аны издөө иш-чаралары бир жумага созулуп, Чоң Чүй каналындагы суунун көлөмү азайтылган.
Баланы издөөгө баш-аягы 70 адам тартылган. Бүгүн, 20-июль күнү саат 10:53тө маркумдун жансыз денеси Чүй облусунун Сокулук районун Новопавловка айылындагы Чоң Чүй каналынан табылган. Сөөктү ошол аймактагы жашоочулар көрүшүп, жээкке алып чыгышкан. Жеринде атасы өздүгүн тактады.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: