Бирдиктүү депозиттик эсепке 168 млн сомдон ашык акча топтолду
Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында түшкөн каражат үчүн ачылган атайын эсепке бүгүн, 17-июлда Башкы прокуратура тарабынан дагы 20 млн. 324 миң сом которулду. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бирдиктүү депозиттик эсеп 3-июль күнү КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы токтомун ишке ашыруу максатында Каржы министрлиги тарабынан ачылган.
«Мыйзамдарды так аткарууну көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында аталган эсепке Башкы прокуратура тарабынан 20,3 миллион сом которулду», — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган эсепке Башкы прокуратура тарабынан 39 миллиондон ашыгыраак сом которулган.
Ал эми, УКМК тарабынан бул эсепке 2018-жылдын 11-июлунда 95,9 млн сом, 12-июлунда 13,3 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулган. Жалпысынан Бирдиктүү депозиттик эсепте 168 миллиондон ашык акча топтолду.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: