19.11.2018 22:39

«Биринчиден чымынды эттен бөлүп алалы»,- Алмазбек Атамбаев ЖЭБдеги авария тууралуу

«Биринчиден чымынды эттен бөлүп алалы»,- Алмазбек Атамбаев ЖЭБдеги авария тууралуу

Авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө оңгулуктуу ремонт жүргүзүлбөгөндүктөн чыккан. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын маалыматы боюнча ЖЭБдин эски бөлүгүн ремонттоо үчүн 2016-жылы 472 миллион сом, 2017-жылы 408 миллион сом бөлүнгөн.

“Тагыраак айтканда, ЖЭБдин эски бөлүгүн ремонттоо үчүн 880 миллион сом бөлүнгөн күндө дагы керек болсо терезелерине айнек салып коюшкан эмес”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мурунку өлкө башчынын ою боюнча, ЖЭБдеги авариянын себеби, адамдар жоопкерчилигин так аткарбагандыгында. 
“Ал ремонт Жээнбеков премьер-министр болуп турганда жүргүзүлгөн. Бирок ал жооп бериш керек деп ойлобойм. Анткени ал жакта ЖЭБдин жооптуу жетекчилери отурушкан. Энергетика тармагынын жооптуу жетекчилери бар болчу. Бирок аны оорукчан баштан соосуна жүктөп коюуну чечишкен окшойт. Жыйынтыгында Сапар Жумакадырович Исаковду күнөөлүү кылып коюшту”,- деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

Бишкектеги ЖЭБдин эски бөлүгүндөгү авария 26-январда катталды. Жабдуулар жарактан чыгып калгандан кийин, анын кубаттуулугу эки эсе түшүп кеткен. Бир нече күн тургундардын үйүндө температура төмөн болду. Кырсыктын кесепеттери жоюлгандан кийин авариянын себебин жана күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Жыйынтыгында Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБдин жетекчилигинен алынды. 

ЖЭБди модернизациялоо 2013-жылы жайында башталып, 2017-жылы аяктады. Адистердин айтымдарында, жаңы жабдууларды ишке киргизүү менен олуттуу көйгөйдүн алды алынган.