25.08.2018 15:22

Биринчи май райсоту дүйшөмбүдө Албек Ибраимовду камакта калтыруу маселесин карайт

Биринчи май райсоту дүйшөмбүдө Албек Ибраимовду камакта калтыруу маселесин карайт

Биринчи май райондук соту 27-августта саат 9:00дө Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу маселесин карайт. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов 19-июлда УКМК тарабынан камакка алынган. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Ибраимовду 29-августка чейин  УКМКнын тергөө изоляторунда кармоо тууралуу чечим чыгарган. Жактоочусу бул боюнча жогорку инстанцияга арызданып, бирок, 30-июль күнү Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 

Адвокат Сергей Слесарев бул чечимдерге каршы Жогорку сотко арызданган. Ал Ибраимовду камакта калтыруу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынып жатканын белгилеп, мындай чечимдер сот бийлигинин аброюн түшүрө турганын белгилеген.

Бирок, 15-августта Жогорку Сот Албек Ибраимовдун жактоочусунун экс-мэрдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке каккан. 

Мурунку калаа башчысы «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов  «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.