01.10.2018 23:58

Биринчи май райсоту Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтүн узартты

Биринчи май райсоту Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтүн узартты

Биринчи май райондук соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковду камакта кармоо мөөнөтүн 5-декабрга дейре узартты. Сот отуруму  1-октябрда саат 19:30 чамаларында башталып, түнкү 24:00гө жакын аяктады.

Биринчи май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. 9-август күнү биринчи инстанциянын чечими Бишкек шаардык сотунда каралып, жактоочу тараптан айтылган жүйөөлөр эске алынбастан, чечим күчүндө калтырылган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочулары Жогорку Сотко кайрылган.

Сапар Исаковдун УКМКнын тергөө абагында отурганына 5-октябрда 4 ай болот. Мурунку премьер-министрге «2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо»  долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деген айып тагылууда.