Биринчи май райсотунда Кубанычбек Кулматовду камакта калтыруу өтүнүчү каралууда

Биринчи май райсотунда  Кубанычбек Кулматовду камакта калтыруу өтүнүчү каралууда

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда тергөөнүн Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү боюнча саат 10:00гө белгиленген сот жыйыны 10:47де башталды. Ага чейин отурумду ачык же жабык өткөрүү маселесин карап жатышты. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди. 

Сот жыйынына кирүүгө Кулматовдун туугандарынан 5-6 адамга, анын ичинде уулуна уруксат берилди. ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Сыртта Кулматовду колдоого келген 30 чакты адам сот өкүмүн күтүп турушат. Алардын жарымы айыпталуучунун сүрөтү түшүрүлүп, «Кулматов - кыргыз өлкөсүнүн жараны» деген жазуулары бар футболкаларды кийип алышкан.

«Биз соттон кереметти күтпөйбүз. Андыктан, мөөнөтүн дагы узартып коет болушу керек. Бирок, аларда Кулматовду кармап турууга эч кандай негиз жок. Ага карата кабыл алынган камакта калтыруу чечими - мыйзамсыз. Тергөөнүн Кулматовго каршы  эч кандай далил, же материалы жок, болсо сотко же жактоочуга  көрсөтүшөт эле го. Каалагандай калчап жатат десек болот. Бизде «банан мамлекети».  А «банан мамлекети»  деген эмне? Бул  көчөлөрдөгү кымбат баалуу унаалар, шаардагы хансарайлар жана иштебеген мыйзамдар, башаламандык», -дейт Кулматовду колдоого келгендердин бири Гүлмира Абдыкадырова.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райсоту коррупция беренеси менен айыпталып жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы, Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун «өлкөдөн чыкпоо» баш коргоо чарасын УКМКнын тергөө абагына 28-июнга чейин камакка алууга өзгөрткөн эле. 

25-июнда Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн 28- августка чейин узарткан.  

Кулматовго кытайлык компаниянын мектеп курууга берген каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылууда.